Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Элдин сотторго болгон ишеними төмөн. Бул туурасында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Ош облустук сотунда билдирди.
Жогорку соттон билдиришкендей, төрага Ош облустук сотунда жыйын өткөрүп, ага облустук соттун, административдик соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери, ошондой эле Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.
Алгач, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев маалымат берип, аталган сотто 15 судья, 45 аппарат кызматкери эмгектенип, ушул жылдын 9 айында 2 223 иш каралгандыгын айтты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 419 иш көбүрөөк каралган.
Андан соң Ош облусунун Административдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев үстүбүздөгү жылдын 9 айында 734 иш каралып, анын ичинен 35 иш мөөнөтү өтүп каралгандыгын айтып, мындан ары мөөнөтүн бузуу менен иштерди кароого жол берилбешин кошумчалады.
Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов маалымат берип, буга чейин айлап, жылдап аткарылбай жаткан иштерди тезинен калыбына келтирүүгө аракет жумшалгандыгын айтты. Мындан тышкары соттун чечимин убагында аткарбай жаткан жана тийиштүү форма кийбеген кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлгөндүгүн билдирди.
Медербек Сатыев элдин сот системасына болгон ишенимдин төмөндөшү өлкөдө адилеттүүлүктү камсыз кылуу багытындагы негизги көйгөйлөрдүн бири экенин белгилеп, бул абалды өзгөртүү керек экендигин белгиледи.
“Сотко акыйкат издеп эл кайрылат. Укугу бузулган тараптардын укугун калыбына келтирүү негизги милдеттердин бири. Соттор иштерди өз убагында жана мыйзамдуу, адилетүү, негиздүү карашы керек. Ошол эле убакта соттордун кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча иш аракеттерди көрүшүбүз зарыл”, деди Медербек Сатыев.
Белгилей кетүүчү жагдай, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев республиканын бардык сотторун кыдырып, жеринде орун алып жаткан көйгөйлөр менен таанышып чыкты.
Пикир
Оставить комментарий