• 87
  • 91.29
  • 0.84

Медербек Сатыев сот иштерди өз убагында карап, мөөнөттөрүн создурбашы керектигин айтты

Коом 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Сот иштерди өз убагында карап, мөөнөттөрүн создурбашы керек. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында Кызыл-Кыя шаардык сотуна барганда билдирди.

Анын айтымында, судьялардын ичинен төраганын караган иштеринин күчүндө калышы ушул жылдын 9 айында 89%ды түзгөн.

“Укугу бузулган жарандар, аны калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылат. Соттор мыйзамдуулукту сактап, адилеттүү жана негиздүү чечимдерди чыгарышы керек. Андыктан, иштерди өз убагында карап, мөөнөттөрүн создурбоо керек”, - деди ал.

Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Манасбек Дарманкулов сотто 3 судья эмгектенип, көбүнчө баңгизат, экстремизм, алимент, мыйзамсыз курулуштар боюнча иштерди карап жатышкандыгын айтты.

Медербек Сатыев жергиликтүү соттун имаратын текшерген учурда бөлмөлөр суук болуп, жылуулук системасы жакшы иштебей жаткандыгын көрдү. Ал жылуулук менен камсыздоо иштеринин начардыгы үчүн Сот департаментинин Баткен облустук башкармалыктын башчысы Кубатбек Маликовду сынга алды. Төрага ишке болгон шалаакылык мамиленин айынан кызматкерлер үшүп жаткандыгын белгилеп, он күндүн ичинде жылуулук системасын калыбына келтирүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий