• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды

Спорт 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Медербек Сыдыков Кыргыз футбол союзунун (КФС) президенти болуп шайланды. КФСнын жаңы жетекчиси бүгүн, 11-октябрда, футболдук союздун кезексиз конгрессинде шайланды.

Конгресстин күн тартибине ылайык, делегаттар КФСнын буга чейинки президенти Канатбек Маматовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алышып, андан соң жаңы башчыны шайлоого өтүштү.

Кыргыз футбол союзунун президенттигине 2 адам ат салышкан - аталган уюмду 2012-2017-жылдар аралыгында башкарган Семетей Султанов жана КФСнын мурдагы Башкы катчысы Медербек Сыдыков.

Сыдыковдун талапкерлиги үчүн 24 делегат, ал эми Султанов үчүн үч делегат добуш берген. Жалпы 27 делегат катышты.

Пикир

Оставить комментарий