• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Медиация жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам укуктук талаштарды жөнгө салуу, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү, өнөктөштүк иштиктүү мамилелерди өнүктүрүү жана иштиктүү карым-катнаштын этикасын калыптандыруу, социалдык мамилелерди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасында медиацияны колдонуунун укуктук негиздерин түзүү максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган мыйзамда төмөндөгүлөр каралган:

-медиация талашкан тараптар өз ара ылайыктуу макулдашууга жетишүү максатында медиатордун көмөктөшүүсү аркылуу талашкан тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен укуктук талаштарды жөнгө салуу жол-жобосу катары аныкталат. Мыйзам жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгек мамилелеринен келип чыккан талаштарга карата медитацияны колдонууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат;

- медиация жазыктык-укуктук мамилелерден келип чыккан талаштарга карата, мыйзамда тикелей каралган учурларда колдонулат;

- мыйзам медиацияны сотко кайрылганга чейин дагы, андан кийин дагы жүргүзүүгө жол берет. Ошол эле учурда тараптар талашты чечүү үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырабайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий