• 87
  • 91.29
  • 0.84

Медицина кызматкерлерине Билим берүү министрлигинин сыйлыктары тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктары тапшырылды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, "Илимдин мыктысы" төш белгиси менен билим берүү, илим жана медицина тармагына, келечектин медициналык кадрларын даярдоого кошкон салымы, окутуу жана тарбиялоодогу жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн:

  • саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Иса Ахунбаев атындагы КММАнын онкология бөлүмүнүн доцентинин милдетин аткаруучу, м.и.к. Евгения Лим сыйланышты.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси менен:

  • Улуттук онкология жана гематология борборунун Торокалдык онкологиянын хирургиялык бөлүмүнүн онкохирург дарыгери Петр Лопатин;
  • Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун артериялык гипертензия бөлүмүнүн башчысы Мыскал Дуйшеналиева;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Кардиоревматология бөлүмүнүн башчысы Гули Саатова;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева сыйланышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун улуу илимий кызматкери Салтанат Омушева сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий