Медицина кызматкерлерине жардам берген ыктыярчылардын ишин координациялоо үчүн атайын платформа иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлерине жардам берген ыктыярчылардын ишин координациялоо үчүн атайын платформа иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "Бирге" ыктыярчылар штабынын өкүлү Элдар Шабданов билдирди.

“Бүгүнкү күңдө медицина кызматкерлерине жардам берип жаткан бир топ ыктыярчылар тобу бар. Учурда алардын ортосунда координация жетишпей жатат. Ошондуктан биз “Бирге” координациялык борборун түздүк. Мен ошол “birge.pro” деген платформаны тааныштырып кетсем. Анын максаты медиктерде болуп жаткан бардык көйгөйлөрдү, маселелерди каттоо жана ошол эле ыктыярлардын арасында ал ишти аткара ала турган ыктыярчыларды издөө. Платформада жардам кайсы жерге керек, билдирүү качан жазылган, иш ким тарабынан аткарылганы тууралуу маалымат болот. Платформанын дагы бир максаты көбүрөөк адамды тартып, маселени чечүүгө көбүрөөк кишини чакыруу. Себеби, ыктыялардын тобу көп болгону менен маселелер өтө көп болуп жатат. Ошондуктан маселени чечкенге канчалык көп киши тартылса, ошончолук жеңил болмокчу. Мисалы, азыр платформада Лебединовкадагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна респираторлор керек деп турат. Азыр ал маселе чечиле элек экен. Эми каалаган киши платформага кирип, маселени мен чечем деп билдирсе, платформага анын аты-жөнү, телефон номери чыгат. Ал маселени биздин координатор карап, көзөмөлдөп коет”, - деди ал.

Шабданов аткарылып жаткан башка иштер тууралуу айтып берди.

“Бир аз күндөн кийин биз бул платформаны мамлекет тарабынан иштелип чыгып жаткан бирдиктүү порталга интеграция кылууну пландап жатабыз. Андан сырткары биздин ыктыярчылар бирдиктүү маалымат базасын түзүү максатында өлкөдөгү бардык ооруканаларга чалып, алардын эмнеге муктаж экенин билип, маалымат топтоп жатышат. Ал келген жардамдардын, респиратор, концентратор жана башка жыбдактардын кайсы жерге канча керек экенин билүү үчүн жасалууда. Ыктыярчылардын экинчи тобу дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттардын, аларды камсыз кылуучу компаниялардын базасын түзүүдө. Дагы бир топ тамак-аш боюнча координация кылып жатат − бир эле мекемеге эки жолу тамак-аш барып, башка жерге тамак жетпей калбашы үчүн бирдиктүү жадыбал түзүлүүдө. Ыктыярчылардын дагы бир тобу транспорт маселесин чечүүдө”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий