• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Медицина кызматкерлеринин иш кагаздарын азайтуу иштери башталды - Жангазиев

Ден соолук 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги отчеттуулуктун жана эсепке алуу формаларын оптималдаштыруу, ошондой эле онлайн каттоону киргизүү максатында калкты үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна киргизүү эрежелерин жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды баштады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министрдин орун басары Бакыт Жангазиев саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү боюнча адистер жана практикалык дарыгерлер курамына кирген жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

Министрдин орун басары бул иш-чаралар медициналык кызматкерлер үчүн бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү максатында башталды, анткени алардын ишинин негизги убактысы калктын саламаттыгын сактоо жагындагы чараларды түздөн-түз ишке ашырууга багытталуусу керек экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө медициналык мекемелердин дарыгерлери жана медайымдары бейтаптарга берилген 26 түрдөгү иш-аракеттер журналын, 45 түрдөгү отчеттуулук бланктарын жана 100гө жакын каттоо бланктарын толтурууга аргасыз. Маалыматтары кайталанып, же актуалдуулугу талап кылынбай калган документтерди түзүүгө көп убакыт сарпталбашы керек", - деп белгиледи Жангазиев.

Пикир

Оставить комментарий