• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Медицина кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жараткандарга 20-60 миң сом айып жазасын киргизүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 17-январынан тартып "Кыргыз Республикасынын "Жоруктар жөнүндө" кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында айтылат.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты А.Баатырбеков.

Маалымат-негиздемеге ылайык, бул мыйзам долбоорун киргизүүнүн максаты – медициналык кызматкерлер тарабынан калкка медициналык жардамды өз учурунда көрсөтүүсүнө кепилдикти камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренеси ар бир жарандын ден соолугуна жана медициналык жардам алуусуна кепилдик берет. Бирок медицина кызматкерлер бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүп жатканда аларга кол салуу учурларынын көбөйүп кетиши, тез жардам унааларынын катышуусу менен "жолдогу кагылышуулар" медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн бир топ төмөндөтүп коёт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдан 2019-жылга чейин кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурларында медициналык кызматкерлерге, анын ичинде медициналык тез жардам кызматкерлерине карата 40тан ашык жолу зомбулук көрсөтүлгөн. Медициналык кызматкерге кол салуунун натыйжасында жабырланган адам өзүнө керектүү, көпчүлүк учурларда ыкчам медициналык жардамды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат.

Көптөгөн муниципалитеттерде жабырланган медициналык кызматкер конкреттүү калк жашаган аймактагы медициналык жардам көрсөтүүчү жалгыз адис болуп калышы мүмкүн. Мындай учурларда көрсөтүлгөн кылмыштын негизинде медициналык кызматкердин өзүнүн же өзүнчө бейтаптын гана эмес, калк жашаган аймактын керектүү, айрым учурларда ыкчам медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган бүтүндөй бир тургундарынын ден соолугу же өмүрү коркунучка кабылат. Бул болсо мындай кол салуулардын коомдук коркунучун олуттуу жогорулатат.

Ошентип, өзүлөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жүргөн медициналык кызматкерлерге кол салуу, жабырлануучулардын өзгөчө статусуна байланыштуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү менен шартталган коомдук олуттуу коркунучка ээ.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси адам өлтүрүү, ден соолукка оор залал келтирүү, ден соолукка жеӊил залал келтирүү, жардам көрсөтпөө ж.б. менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдары медициналык кызматкердин медициналык биринчи жардам көрсөтүү боюнча мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу бөлүгүндө жоопкерчиликтерди караган эмес.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын бул долбоору менен Кыргыз Республикасынын “Жоруктар жөнүндө” кодексине жазалоо бөлүгүндө жаӊы ченем сунушталып жатат:

- медицина кызматкерине медициналык биринчи жардам көрсөтүү боюнча мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу - жашы жетпегендер үчүн 20 сааттан 30 саатка чейин коомдук иштер, жеке башка адамдар үчүн 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук иштер менен, же жашы жете электер үчүн 50дөн 150 эсептик көрсөткүчкө чейин, жеке башка жактар үчүн 200дөн 300 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул төлөтүү менен жазалоо;

- ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамга жак тарабынан ошол эле жосунду кайра жасагандыгына - жашы жете электер үчүн 30 дан 40 саатка чейин, башка жеке жактар үчүн 40тан 60 саатка чейин коомдук иштер, жана жашы жете электер үчүн 150дөн 250 эсептик көрсөткүчкө чейин, башка жеке жактар үчүн 300дөн 600 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул төлөтүү менен жазалоо.

Пикир

Оставить комментарий