• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Медициналык академиянын айланасындагы тосмолор алынууда

Коом 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын тосмолорун демонтаждоо иштерин баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Муниципалитеттен белгилешкендей, буга чейин инспекция өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берген. Тилекке каршы, эскертүүлөр аткарылган эмес.

"Тосмолорду алууну ишке ашырууда академиянын өкүлдөрү тарабынан тоскоолдуктар болду. Жетекчилик студенттерди сабактан үзгүлтүккө учуратып, муниципалитетке тоскоолдук кылууга чакырууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан билдиришкендей, демонтаждалган тосмолор инспекциянын базасына жеткирилет. Ээлери демонтаждоо чыгымдарын толук төлөгөндөн кийин мүлктү ала алышат.

Ошол эле учурда Малдыбаев көчөсү, 34 б дарегинде жайгашкан Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети тарабынан тосмолорду алуу өз ыктыяры менен жүргүзүлүүдө. Алардын тосмолору өздөрүндө калат.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.

Бишкек мэриясы инспекциянын иши боюнча кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болорун билдирет:

Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.

Пикир

Оставить комментарий