• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Медкызматкерлерге кенемте төлөө үчүн бөлүнө турган 50 млн сом жетпесе, бюджеттен дагы каражат каралат - Исмаилова

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Медкызматкерлерге кенемте төлөө үчүн бөлүнө турган 50 млн сом жетпесе, бюджеттен дагы каражат каралат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, медкызматкерлерге кенемте төлөп берүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлөт.

"Өкмөттүн 161-буйругуна ылайык, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда, кызматтык милдеттерин аткарууда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине бир жолку төлөнүүчү 200 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнөт. Ошондой эле ӨА жана ӨК учурунда кызматтык милдеттерин аткарууда COVID-19 инфекциясын жугузуп, каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөнөт", - дейт вице-премьер.

Исмаилова маалымдагандай, Кызматтык милдеттерин аткарууда коронавирус жуктурган жана анын кесепетинен каза болгон медициналык жана башка кызматкерлерге бир жолку кенемте төлөө үчүн республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнөт. Эгер ал акча каражаты жетпесе, анда бюджеттен дагы каралат.

Белгилей кетсек, 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 906га жетти. Алардын ичинен 226сы медицина кызматкери. Илдеттен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий