Медведев кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу өз оюн билдирди

Экономика 0

Бишкек, 3.11.17 /Кабар/. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал оң жагына чечилээрине ишеним билдирди,-деп жазат ТАСС.

“КМШ форматында өткөрүлгөн жолугушуулар пайдалуу, себеби дегенде: коллегалар (Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары) соода-экономика жаатындагы кызматташуунун көйгөйлүү маселелерин айтышты”,-деп билдирди Медведев КМШ өкмөт башчыларынын кеңейтилген жыйынында .

“Негизинен бул жаман эмес. Бул маселенин чечүү жолдору пайда болот деп ишеним арталы”,-деп кошумчалады ал.

Кыргыз-казак чек арасындагы абал 10-октябрдан тарта татаалдаша баштаган. Анда казак тарап адамдарды жана унааларды текшерип, көзөмөл-өткөрүүнү күчөткөн.

Пикир

Оставить комментарий