Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. 2020-жылы биз Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейбиз. Канчалаган эр-азаматтарыбыздын өмүрүнө тете болгон бул алааматта бир да үй-бүлө четте калган эмес... Демек, учурдагы өзгөчө абалдын эрежелерин сактоо менен, “Өлбөс-өчпөс полку”жүрүшүн улантат!
Тактап айтканда, биз өзүбүздүн абоненттерибизге өз чоң аталарынын, чоң апаларынын, аталарынын, агаларынын эрдиктери жөнүндө онлайн форматта баяндап берүүсүнө шарт түзөбүз. Баарыңыздарды «5-канал», «ЭлТР», «НТС», «Кыргызстан» жана «Санат» телеканалдарында онлайн-форматта өтө турган жүрүшкө чыгууга чакырабыз.
Mega24 тиркемесинде “Өлбөс-өчпөс полк” онлайн-жүрүшүнө катышуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
Google Play Marketꞌтен же App Storeꞌдон Mega24 тиркемесин көчүрүп алуу же жаңылоо;
·«Портал» бөлүмүнө кирүү;
·«Өлбөс-өчпөс полк» баннерин басуу;
·нускама менен таанышуу.
Форманы толтуруу үчүн төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткаруу зарыл:
·Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун бир сүрөтүн тиркөө (бардык функциялардын иштөөсү үчүн, Mega24 тиркемесин акыркы версияга чейин жаңылоо керек);
катышуучунун аты-жөнүн жазуу;
·жайгаштырыла турган баяндаманы кошуу.
Биз согушта эрдик көрсөткөн баатырларыбыздын элесин түбөлүккө эсибизге сактайбыз жана аларга таазим кылабыз!
Эч ким, эч нерсе унутулбайт!
Пикир
Оставить комментарий