• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

“Мейкин” сыйлыгын алуу үчүн сынакка катыша тургандардын арыздары кабыл алына баштады

Өкмөт 0

Бишкек. 06.08.24. /Кабар/. Президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ал президенттине медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сыйлыгын алууга сынакка арыздарды кабыл алуу башталганын билдирди.

“Сиздерге маалым болгондой, президент Садыр Жапаров “КР президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Бул сыйлыктын максаты – медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналистердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө деп берүү. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомду түздү. 10 номинациянын бир жеңүүчүсүнө 1 млн сомдон тапшырылат”, – деди Дайырбек Орунбеков.

Отурумдун жүрушүндө ошондой эле катышуучуларга “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча 11 көз карандысыз медиа эксперттен, журналисттерден, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган сынактык комиссиянын курамы тааныштырылып, башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Сыйлык алуу үчүн сынакка катышууну каалагандар 2024-жылдын 1-январынан тартып үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде даярдалган материалдарды meikin@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот. Толук маалымат алуу үчүн телефондор: 0312 960154; 0550 739 550.

Сынактын шарттары менен https://president.kg/news/all/25427 дарегинен тааныша аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий