• 87
  • 91.26
  • 0.84

"Мейкин" сыйлыгынын ээси Аида Аматбекова: Мен үчүн бул сыйлык күтүүсүз болду

Коом 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. “Мейкин” сыйлыгы мен үчүн күтүүсүз болду, - деди президенттин медиа жана журналистика жаатындагы "Мейкин" сыйлыгынын "Мекен жана мен" номинациясы боюнча жеңүүчүсү, "МИР" телерадиокомпаниясынын кабарчысы Аида Аматбекова сыйлык тапшыруу аземинде.

“Сыйлыкка менин эки материалым көрсөтүлгөн. Бирөөсү Кыргызстандын алыскы аймагында жайгашкан кичинекей Үч-Кошкон айылы тууралуу, ал эми экинчиси өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу. “Мекен жана мен” номинациясында сыйлыкка Кыргызстандын алыскы аймагындагы Үч-Кошкон айылынын оор турмушу тууралуу көрсөтүүм татыды. Чындыгында бул өзгөчө көрсөтүү болду. Биз Үч-Кошкон айылында бир нече күн болдук. Бул айыл цивилизациядан ал да канча артта калган. Алардын интернети, электр жарыгы жок, жашоо-турмушу, күнүмдүк тиричилиги мен үчүн аябай кызыктуу болду. Бул көрсөтүүнү мен сынак үчүн жасадым деп айта албайм. Мен Кыргызстандагы ар бир жаранга кичинекей айылдагы цивилизациядан тышкары жашаган адамдардын жашоосун көрсөткүм келди. Албетте, бул миссиямды жакшы деңгээлде аткара алдым деп ойлойм. Журналистика тармагында мен 10 жылдан бери эмгектенип келем. Эмгегим бааланып жаткандыгына абдан кубанып, толкунданып турам. Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий