Мекенибиз кооз жерлерге бай. Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды жаратылышты коргоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Кыргыз спортчусу, күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Азиянын алты жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды жаратылышты коргоого чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, Кыргызстандын кооз жерлеринин бири Кел-Суу көлүнө болгон сапарындагы видео менен бөлүштү.

"Кыргызстандын тоолоруна саякатка чыгуу өзүнчө бир сулуулук. Мен азыр спорт аркылуу ушул даражага жеткениме, жердештеримдин сый-урматына ыраазы болдум. Кел-Сууга баруу менин ар дайым кыялым болчу, мага ишенип, кыялыма жетүүгө жардам берген адамдардын колдоосунун аркасында ушул жылы ишке ашты.

Бул сыйкырдуу жер өзүнүн кооздугу менен таң калтырды. Биздин өлкө кооз жерлерге бай, ошондуктан жыл сайын Кыргызстаныбыздын жаңы, көрө элек жерлерин өзүм үчүн ачууну максат кылып койдум.

Мекенибиз баалуу жаратылыш жана кооз жерлерге бай. Келечектеги муундар бул жерлерди көрүшү үчүн жаратылышты сактоо зарылдыгын эстен чыгарбоо керек", - деген спортчу.

Пикир

Оставить комментарий