Меккеде каза болгон зыяратчылардын саны 1300дөн ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 24.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Меккеде каза болгон зыяратчылардын саны 1300дөн ашты. Мындай маалыматты Сауд Аравиянын саламаттык сактоо министри Фахд бен Абдель Рахман аль-Жаляжель кабарлады.

"Ажылык учурунда каза болгондордун саны 1301ди түздү. Көз жумган зыяратчылардын 83%ынын тиешелүү визалары болгон эмес”, – деп белгиледи министр “Аль-Ихбария” телеканалына берген маегинде.

95 зыяратчы ооруканада дарыланууда, алардын айрымдары Эр-Риядга жеткирилген. Сөөктөрдүн өздүгүн тактоо иштери создуктурулуп кетишине көз жумгандардын көпчүлүгүндө тиешелүү документтеринин жоктугу себеп болгон.

Буга чейин Россиянын ажылык-миссиясынын жетекчиси ажылыкка барган жети россиялык жаран каза тапканын маалымдаган. 660 египеттиктин 31инин гана өлкөдө болуу укугу берилгендиги кабарланды. Ал арада Египет Сауд Аравияга мыйзамсыз барууга көмөктөшкөн 16 турагенттиктин лицензиясын кайра артка алгандыгы белгилүү болду.

Associated Press маалымдагандай, көз жумгандардын 165и Индонезиядан, 98и Индиядан, эки америкалык жаран, дагы ондогон кишилер Иордания, Тунис, Марокко, Алжир жана Малайзиядан келгендер экендиги айтылууда.

Булардын басымдуу бөлүгү ысыктан жана өнөкөт ооруларынын айынан каза болду деп белгиленип жатат.

Сауд Аравияга ажылык сапар быйыл 14-июндан 19-июнга чейин созулду. Анда жалпысынан 1,8 млн адам зыярат кылды. Меккеде ушул күндөрү абанын температурасы +46 градустан 51 градуска чейин жогорулады.

Пикир

Оставить комментарий