• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Мектеп лигасынын 2022-2023-сезону жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күн мурун мектеп лигасынын 2022-2023-сезонунун жабылыш аземи өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, жеңүүчүлөргө 100 миң сомдон 500 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктын күбөлүктөрү, жеңүүчүнүн кубогу жана атайын баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, директордун орун басары - мектеп лигасынын вице-президенти Самат Токтоналиев, Мектеп лигасынын президенти Урмат Асанбаев жана атайын коноктор, федерациянын өкүлдөрү катышты.

Мектеп лигасынын 2022-2023-сезонунун жыйынтыгы:

Футбол
1-орун – Бишкек шаары;
2-орун – Ош шаары;
3-орун – Ысык-Көл облусу.

Волейбол кыздар арасында:
1-орун – Бишкек шаары;
2-орун – Жалал-Абад облусу;
3-орун – Ош шаары.

Волейбол эркектер арасында:
1-орун – Ош облусу;
2-орун – Баткен облусу;
3-орун – Бишкек шаары.

Баскетбол кыздар арасында:
1-орун – Бишкек шаары;
2-орун – Ысык-Көл облусу;
3-орун – Жалал-Абад облусу.

Баскетбол эркектер арасында:
1-орун – Бишкек шаары;
2-орун – Чүй облусу;
3-орун – Жалал-Абад облусу.

Шахмат боюнча:
1-орун – Ысык-Көл облусу;
2-орун – Бишкек шаары;
3-орун – Нарын облусу.

Ошондой эле жыл ичинде мектеп лигасын үзгүлтүксүз чагылдырып келген жаш кабарчыларга акчалай сыйлыктар жана Өзбекстанга, Казакстанга, Түркияга жолдомолор берилди.

Белгилей кетсек, мектеп лигасы 2021-жылдын 28-октябрында старт алган. Жалпы республикасынын мектептери арасында волейбол, футбол, баскетбол, шахмат боюнча беттештер өтүп, ага быйыл жалпы 2 миң 383 команда катталган.

Пикир

Оставить комментарий