• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мектепке электрондук каттоодон өтө албай калдыңызбы? Бишкектеги райондордо комиссия түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Райондук билим берүү борборлорунда "Мектепке электрондук каттоо" АМТда микроучастка боюнча катталбаган балдардын жашаган жери боюнча ата-энелеринин арыздарын кароо комиссиялардын отурумдары башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Комиссиялардын курамында билим берүү борборунун, райондук акимиаттардын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык сектордун, балдардын укуктарын коргоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү бар.

Комиссиялар КР Билим берүү жана илим министрлигинин катынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин буйругунун негизинде түзүлгөн.

Белгилей кетсек, департаменттин жана райондук билим берүү борборлорунун дарегине "Мектепке электрондук каттоо"АМТ аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча миңден ашуун кайрылуу түшкөн. Негизинен төмөнкү мектептерге көп суроо талап бар:

- Свердлов району боюнча (№1, №38,№ 4, №12,№ 66, №67, №46, №45, №52,№ 10, №65, №51);
- Биринчи май району (№70, №29, №6, №28, №69, №24);
- Октябрь району (№26,№ 62, №88, №63, №20, №17);
- Ленин району (№13,№ 9, №25, №68, №31).

Пикир

Оставить комментарий