• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Мектепте ысык тамак уюштурууга жергиликтүү бийлик, ата-энелер катыша алат - Айнура Кусейинова

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республиканын 98% мектептеринде башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулат жана ар бир баланын күнүмдүк тамагына мамлекеттик бюджеттен 14 сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусейинова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен 2006-жылдан 2024-жылга чейин ар бир баланын бир күндүк тамагына 7 сомдон, тоолу аймактарга 10 сомдон бөлүнүп келген. Ал эми 2024-жылдын январь айынан тартып, жаңы токтомдун негизинде эки эсе көтөрүлүп, бир баланын күнүмдүк тамагына бөлүнгөн каражат 14 сомду түзүүдө.

“Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 28-беренесинде көрсөтүлгөндөй, балдардын тамагынын сапатын жогорулатуу максатында тамак-ашты уюштурууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн 14 сомдун үстүнө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, ата-энелер каражат же азык-түлүк түрүндө колдоо көрсөтүп, ысык тамакты уюштурууга катышса болот. Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынган, бирок анын тамак-ашка тиешеси жок”,- дейт Айнура Кусейинова.

Маалым болгондой, мектептердеги башталгыч класстарда ысык тамак берүү окуучулардын ден соолугуна кам көрүү жана билим сапатын жогорулатууга өз таасирин тийгизет.

Эске салсак, 2006-жылдан баштап өкмөт тарабынан өлкөнүн мектептериндеги тамактандырууну уюштуруу боюнча Улуттук программа иштеп келет. Ал эми 9-сентябрда Билим берүү жөнүндө мыйзамга ылайык, министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобо бекиткен. Токтомдун максаты билим берүү мекемелеринде окуучулардын ар түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана мектеп тамагынын коопсуздугун камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий