• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

"Мектептер-2030" глобалдык форуму. Бишкекте эстафета Кенияга расмий өткөрүп берилди

Билим 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кениянын билим берүү министринин орун басары Саломе Майнага 2025-жылы “Мектептер-2030” Глобалдык форумун өткөрүү эстафетасын тапшырды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева форумдун катышуучуларына жана уюштуруучуларына КР министрлер кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана мугалимдердин атынан терең ыраазычылык айтып, ар бир баланын сапаттуу билим алышы үчүн биргеликте күрөшүүбүз керек деп белгиледи.

Ошондой эле министр бул күндөрү жаңы досторду, тилектештерди жана замандаштарды тапкандыгын белгиледи.

Саломе Майна Кыргызстанга форумдун жогорку деңгээлдеги уюштурулгандыгын белгилеп, кыргыз элинин меймандостугун, жылуу мамилесин жана бай маданиятын эч качан унутпай тургандыгын билдирди. Буга кошумча ал форумдун жүрүшүндө өлкөлөр аралык терең пикир алышуу, талкуу жана тажрыйбалар менен алмашууга мыкты мүмкүнчүлүгүн түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 11-13-июнь күндөрү Бишкекте “Мектептер2030” III Глобалдык форумунда дүйнөнүн ар тарабынан келген 250 делегат мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу лидерлигин талкуулады.

Форум КР билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналды.

Пикир

Оставить комментарий