• 87
  • 90.63
  • 0.79

Мектептик билим берүү системасын 12 жылдыкка өткөрүү убакыттын талабы - Надира Жусупбекова

Маек 0

Кыргызстанда жалпы орто билим берүүнү заманбап талаптарга жана чакырыктарга ылайыкташтырууга негиз түзгөн 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча концепция министрлер кабинети тарабынан үстүбүздөгү жылдын октябрь айында бекитилген. Белгилүү болгондой, 12 жылдык окууда мектеп бүтүрүүчүсүнүн жашы өзгөрбөстөн 11 жылдык билим алуудай эле болот. Балдар мектепке 6 жаштан барып, нөлүнчү класс - биринчи класс болуп эсептелет. Концепцияга ылайык, 12 жылдык билим берүүгө өтүү этап-этабы менен бир нече жылдын ичинде толук ишке ашырылмакчы. Учурда коомчулукта 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча көп суроолор жаралып жаткандыгына байланыштуу Кабар агенттиги бул багытта Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен маектешип, бир катар суроолорго жооп алды.

- Саламатсызбы, Надира Сынташевна. 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасынын негизги максаты жана артыкчылыгы кандай?

- Саламатчылык. 12 жылдык билим берүүнүн негизги максаты маалыматтык технологиялардын жана электрондук инженериянын тез өнүгүп жаткан азыркы заманбап доордо өз ордун таап, атаандаштыкка жөндөмдүү окуучуларды тарбиялоо жана билим берүү катары кабыл алынышы керек. 12 жылдык билим берүүнүн киргизилиши менен балдар милдеттүү түрдө 6 жаштан баштап мектепке барып, эртелеп билим алууга өтүшөт. 12 жылдык мектептик билим берүүнү киргизүү бул системанын түзүмүн гана эмес, эң негизгиси окуучуларга берилген билимдин сапатын, мазмунун конструктивдүү өзгөртүү менен коштоп, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш кылат. Учурдагы жаңы билим берүү системасына өтүүгө даярдыктын алкагында мыкты тажрыйбалардын негизинде жаңы муундагы STEM-багыты жана англис тили боюнча окуу китептери даярдалууда. Мындай даярдыктар өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жана окуучулардын функционалдык компетенттүүлүгүн баалоонун эл аралык рейтингинде алдыңкы орундарга алып чыгат. Келечекте ушул эле багытта предметтик стандарттарды жана окуу программаларын өзгөртүү, авторлорду даярдоо аркылуу башка окуу китептерин даярдоо пландаштырылууда. Жалпы билим берүү мектептеринин жогорку класстарында профилдик окутууну өздөштүрүү, окуучулардын жөндөмдүүлүгүнө жараша предметтерди тереңдетип окутуу пландалууда. Мектепте практикалык сабактарга өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле мектептин жогорку класстарында дуалдык билим берүү форматында белгилүү бир кесиптер боюнча окуучулардын баштапкы эмгек көндүмдөрүн өздөштүрүүсү үчүн кошумча кесипке даярдоо программалары киргизилет.

- Мектептерге 12 жылдык билим берүү системасын түзүү, окуу программаларын өзгөртүү процесстери кандай жол менен ишке ашууда?

- Буга чейинки мектептик билим берүү системасы өз миссиясын аткарды десек болот. Билим берүү системасынын айрым курамдарында жергиликтүү мүнөздөгү реформалар жүргүзүлүп келгени менен түп-тамырынан өзгөрүү болгон эмес. Тездик менен жаңыланып, өнүгүп жаткан дүйнө коомчулугундагы заманбап чакырыктар жана глобалдуу өзгөрүүлөр билим берүү процессинин учурдагы иштөө механизмин кайра карап чыгып, өзгөртүү зарыл экендигин айгинеледи. Эгерде азыр биз мектептик билим берүү системасын тез арада өзгөртпөсөк, бүткүл дүйнө өлкөлөрүнөн эмес, коңшу КМШ өлкөлөрүнөн да артта калабыз. Жалпысынан билим берүү системасын өзгөртүү маселесинде өлкөнүн президенти жана министрлер кабинетинин төрагасы бизди колдоодо. Белгилей кетсек, 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү идеясынын ээси - “убакыт”. Жаңы билим берүү тутумун куруунун концептуалдык негиздерин, окутуунун жаңы багыттарын жана ыкмаларын, инновация багытында мугалимдерди, жаңы программаларды жана окуу китептерди чечкиндүү түрдө өзгөртүүнү талап кылат. Мектептеги билим берүү системасына түп-тамырынан бери өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн билим берүү жана илим тармагынын өкүлдөрүнөн жана кызыкдар тараптардан турган эксперттик топ түзүлүп, анын алдына башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө жана алардын негизинде улуттук билим берүүнү өнүктүрүүнүн эң оптималдуу вариантын сунуштоо милдети коюлган. Эксперттер тарабынан бир нече айдын ичинде мектепте сапаттуу билим берүүдө мыкты натыйжаларга жетишкен чет өлкөлөрдүн тажрыйбалары изилденди. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Түштүк-Чыгыш Азия, Борбордук, Түндүк жана Чыгыш Европа, Түндүк Америка өлкөлөрүндө кеңири таралган алты жылдык башталгыч мектепке негизделген модель кеңири таралгандыгы, жана алты жылдык башталгыч билим берүү окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана негизги окуу көндүмдөрүн жогорку деңгээлде калыптандыраары аныкталган. Бул өлкөлөрдө балдар 5 жаштан 7 жашка чейин куракта мектепке барат жана мектепке чейинки билим берүүнүн өнүгүү деңгээли менен байланыштуу.

Жыйынтыгында Кыргызстан үчүн эң актуалдуу модель катары 12 жылдык "6+3+3" тандалып алынган. Мында кошумча бир жыл башталгыч мектепке киргизилип, алты жаштан баштап балдарды окууга кабыл алуу зарылдыгы жаралды. Бул биринчи кезекте социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жана андан ары билим алуу үчүн негиз катары башталгыч билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле мектепке чейинки даярдыктары ар кандай деңгээлде болгон балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө зарылдыгы менен түшүндүрүлөт. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүү жолу 2015-жылы эле башталып, алты жаштагы балдар үчүн мектепке чейинки "Наристе" даярдоо сабагы кирген. Бул бүткүл республика боюнча алты жаштагы балдардын 70 пайызын камтыган. 12 жылдык мектепте 1 – класска барган алты жаштагы балдарга биринчи жарым жылдыкта мектепке даярдоо "Наристе" программасы, ал эми 2-жарым жылдыкта башталгыч мектептин окуу программасы окутулат.

- Жаңы системага ылайык, окуучулардын бир класстан аттоосу жалпы окуу процессине таасирин тийгизбейби, окуучулардын билим алуусунда үзгүлтүк жаралбайбы?

- Бекитилген 12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясына ылайык, жаңы окуу системасына өтүү жакынкы 4 жылдын ичинде (2025-2026-жылдан 2027-2028-окуу жылдары) 3-класстан 5-класска, 6-класстан 8-класска жана 9-класстан 11-класска чейин этап-этабы менен жүргүзүлөт. Ошондуктан, бул класстар бир класска өтүп окушат. Ушул 2024-2025-окуу жылында 0-класска барган балдар 2025-2026-окуу жылы 2-класска өтүп, андан кийин эч кандай классты аттабастан 12-класска чейин окушат. 2025-2026-окуу жылында 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. Ал эми 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт. 2026-2027-окуу жылында 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 6-класстын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт. 9-класстын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт. 2027-2028-окуу жылында 3-класстын окуучулары (2017-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 6-класстын окуучулары (2014-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт. 9-класстын окуучулары (2011-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт. Ошентип, окуу процесси 12 жылдык система боюнча жүрө баштайт. 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027-2028-окуу жылынан баштап берилет.

- Жаңы окуу системасына өтүүдө окуу предметтери жана китептер заманбап талаптарга жооп бериши зарыл, бул багытта кандай иштер аткарылууда?

- 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн алкагында окуу-усулдук комплекстер заманбап билим берүүдөгү белгиленген тенденцияларга ылайык толук жаңылануудан өтүшү керек. Сиздерге белгилүү болгондой, учурда STEM-билим берүү атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоонун келечектүү багыты болуп саналат. Ал эми англис тили заманбап илимдин тили болууда. Бул багыттарга басым жасоо менен Кыргызстан биринчи кезекте мыкты практикалардын негизинде иштелип чыккан окуу материалдарын сатып алды. Сатып алынган 32 ар кандай аталыштагы окуу-методикалык комплекстер республиканын пилоттук мектептеринде которуу, адаптациялоо жана апробациялоо процедураларынан өтөт жана 2025-2026-окуу жылынан баштап окуу программасына киргизилет. Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында бул окуу-методикалык комплекстер боюнча окутуу үчүн 24 миң мугалимди STEM предметтери боюнча масштабдуу даярдоо жүргүзүлүүдө.

Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий