• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Мелис Турганбаев КР Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Мелис Турганбаев КР Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармак аркылуу билдирип, коомчулукка кайрылуу жасады:

"Урматтуу кыргыз элим, өлкө жетекчилери! Кыргызстандын күрөш күйөрмандары, спорт ишмерлери, ардагерлер!

Сиздерге кайрылуумдун себеби, 1998-жылдан бери Спорттук күрөш федерациясын жетектеп, өлкөбүздү эл аралык деңгээлде таанытып, балбандарыбызга колдон келишинче камкордук көрүп, чемпиондордун чыгышына салым коштум. Кыйын учурда эгемен өлкөбүздүн ар-намысын, күрөш дүйнөсүндөгү кадыр-баркын көтөрүүгө аркет кылдым. Мындан 26 жыл мурда Кыргызстандык балбандарды башка өлкөлөр теңине албай келген болсо, биздин аракеттин натыйжасында, Кыргызстандын күрөш федерациясы өстүргөн балбандар Азия жана дүйнө чемпионаттарында алтын, күмүш, коло байге утуп, тарых жаратуу менен учурда спорттук бийиктиктердин туу чокусуна жетип, дүйнөдө өзүнчө күрөш мектеби катары таанылды. Мен федерацияны жетектеп турган учурда кыргызстандык балбандарыбыз 6 жайкы олимпиадалык оюндарга, Азиянын 5 оюндарына катышты.

2008-жылы Бээжин олимпиадасында Канат Бегалиевдин күмүш, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуриевдин коло медаль жеңип алуусу аркылуу жаштарды шыктандырып, күрөшкө болгон кызыгуусунун ойгонушуна себепкер болгонбуз. Андан кийинки Лондон, Рио-де-Жанейро олимпиадалык оюндарда да балбандарды баштап барып, байгелүү 5-6- орундарды ээлеп, тажырыйба топтоого себепкер болдук.

Кыргызстанда күрөш эң таасирдүү спорт түрү болушу үчүн өлкө аймагында күрөш залдарды ачып, эл аралык турнирлерге жаштарды катыштырып, шарт түзүп берүүнүн натыйжасында Бүткүл дүйнөлүк күрөш бириккен уюмунун ишенимин жаратып, Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаттарын бир нече ирет өткөрүп, Азия аймагындагы лидер федерациялардын бирине айландык. Бул үчүн талыбаган мээнет, түмөн түйшүктөрдү баштан кечирдим. Натыйжада Азия континенти боюнча лицензиялык турнирди бир нече өлкөлөр менен ат салышып, Бишкекте өткөрүүгө укук алуу оңойго турган жок. Жыйынтыгында 4 балбаныбыз жолдомо алды.

2021-жылы Токио олимпиада оюндарында балбандарыбыз Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов- күмүш, Мээрим Жуманазарова – коло байге утуп келишине федерация колдон келишинче салым кошуп, өзүм алардын жанында кеп-кеңештерди айтып, колдоого алып турдум.

Азия бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Бюро мүчөсү катары өлкөбүздө күрөштү өнүктүрүүгө салым кошуп, Азия өлкөлөрүнүн тарыхында алгач ирет 17-29 жаштагы балбандардын Азия чемпионаттарын эки ирет өткөрүү менен, Азиядагы эң мыкты федерация деген наамга татыктуу болдук. Мунун аркасында канчалаган түмөн түйшүк, мээнет кеткенин айтпасам да түшүнүктүү.

Быйыл ошондой эле, чоңдор арасында Азия чемпионатын жана дүйнөлүк рейтинг аныктоочу турнирди өткөрүп, Дүйнөлүк бирикке күрөш уюмунун алкоосуна татырлык эмгек кылдык. Ал эми, Париж олимпиадасына жакшы даярдык көрүп, 10 балбаныбыз жолдомо алып, 9 балбаныбыз медаль үчүн күрөшүп, 1 күмүш, 4 коло байге утуп, мурдагы олимпиадалык оюндарга салыштырмалуу зор ийгилик жаратууга колдон келген салымыбызды коштук.

Тилекке каршы, бул ирет Эгемен өлкөдүзгө алтын байге утууга мүмкүн болбоду. Бирок, бул көчтүн башаты болуп калды десек болот. Балбандарыбыздын чеберчилиги жылдан жылга жогорулап, Кыргызстандын спорт тарыхында күрөштөн Айсулуу Тыныбекова – үч жолку, Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков – эки жолку, Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болушуна федерациянын да салымы бар. Мындан сырткары жаштар, уландар, кыздар арасында Азия, дүйнө чемпиондорун тарбиялап, келечекте өлкөбүздү дүйнөгө тааныта турган жаш муундарга да камкордук көрүп келе жатабыз.

Аларга үлгү, өрнөк болуш үчүн өзүм да ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаттарына катышып, 2 коло, 1 алтын медаль утуп, дүйнө чемпиону аталдым.

Машыктыруучуларга да, калыстарга да кесиптик деңгээлин өстүрүү үчүн камкордукка алып, эл аралык семинар-окууларга жиберип турдук. Демөөрчүлөр жана федерациянын демилгеси менен бир нече балбандарга батир, автоунаа, белек кылып, аларды жеңишке шыктандырып турдук.

Мындан тышкары, ар жыл сайын жылдын мыкты балбандарына акчалай сыйлыктарды берип, өлкө аймагындагы бардык машыктыруучуларга, спортчуларыбызга сый-урмат көрсөтүп келдик.

Ар нерсенин өз учуру болот эмеспи, ошондуктан, 26 жылдан бери федерациянын жүгүн көтөрүп келгендиктен, жаштарга кезек берүү максатында аларга жол бошотуп, федерация жетекчилигинен кетүү чечимин кабыл алдым.

Бирок, бала кезден бери күрөш дүйнөсүндө өсүп-жетилип, ушул даражага жетишиме себепкер болгон спорт чөйрөсүнөн биротоло кетпей, жаштарга эл аралык деңгээлде кеңештеримди айтып, бай тажырыйбамды бөлүшүп турам.

Мен сиздерге, өлкө жетекчилигине Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан күрөш балбандарын колдоого алганыңыздар үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Келечекте 2028-жылкы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбандар алтын байгелерди утуп кетишине терең ишенем.

Сиздерди урматтоо менен Азия бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун бюро мүчөсү , ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал-майор Мелис Турганбаев".

Пикир

Оставить комментарий