Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Муниципалитетте калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин пландык кеңешмеси өттү.
Мэриядан билдиришкендей, кеңешмеге мэрдин орун басарлары жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Уюштуруу-көзөмөл иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков шаардык кызматтар тарабынан "Менин шаарым" тиркемесиндеги кайрылуулардын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борборуна («Менин шаарым» тиркемесин кошкондо) колдонуучулардан 13 миң 653 кайрылуу келип түшкөн, анын 12 миң 54ү аткарылган, 1 миң 598и аткарылган эмес.
Айбек Жунушалиев "Менин шаарым" тиркемесинин атын "Мэрдин кайрылуусу" деп өзгөртүүнү тапшырды. "Уюмга түшкөн ар бир өтүнүчтү менин буйругум катары карайсыңар. Бир дагы кайрылуу жоопсуз калбашы керек", - деп кошумчалады мэр.
Ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык кайрылууларды ыкчам жана сапаттуу кароо тапшырылды.
"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасына көрсөтүлгөн арыздагы суроо-талаптардын аткарылышы боюнча жума сайын отчет жөнөтүп туруу милдеттендирилди.
Пикир
Оставить комментарий