• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Менингит оорусу ар 8-9 жылда кайталанып турат – дарыгер

Ден соолук 0

Бишкек, 22.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Менингит оорусу ар 8-9 жылда кайталанып турат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын бөлүм башчысы Канат Искаков билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында оорунун курчушу акыркы жолу 2015-жылы катталган. Учурда эч кандай коркунуч жок.

"Менингит - бул мээнин чел кабыгынын сезгениши. Илдет кыш-жаз мезгилинде күчөйт. Себеби бул кезде иммунитет начарлап, абанын нымдуулугу жогорулайт. Мезгилдик ооруга климаттык шарттар, температуранын кескин өзгөрүшү, жогорку нымдуулук сыяктуу факторлор таасир этет. Менингиттин бактериялык жана вирустук эки түрү бар. Бактериялык менингитти пневмококк, менингококк, стрептококк козгойт. Ал эми вирустук менингит кандайдыр бир инфекциялык оорулардан улам пайда болот. Оору аба аркылуу жугат. Адамдын башы ооруп, кусуп, кээде эсин жоготуп, дене табы 40-41 градуска көтөрүлгөндөн тышкары желке тырышып, адамдын ээги көкүрөгүнө жетпей калат. Ошондой эле денеде белден ылдый бүртүкчөлөр пайда болот. Өз учурунда дарыгерге кайрылып чара көрбөсө тез эле адамды өлүмгө кептейт. Ошондой эле ал жүлүн аркылуу нерв системасын жабыркатып, адамды майып кылышы ыктымал", - деди дарыгер.

Ошондой эле ал учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында менингит менен ооруган эки бейтап дарыланып жатканын кошумчалады.

“Учурда эки бейтап дарыланууда. Анын бирөөсү кичинекей бала. Бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий