• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Мэр Айбек Жунушалиев сел коркунучу бар аймактарды текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.07.24. /Кабар/. Бүгүн таң эрте борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев жарандык коргонуу штабынын жыйынында берилген тапшырмалардын аткарылышын жердерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага Бишкек шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү дагы катышты.

Чоң Чүй каналынын жана Аламүдүн дарыясынын аймактарын текшерүүдөн мурун борбор шаардын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өкүлдөрү шаарга жакын жайгашкан тоо көлдөрүнүн абалы боюнча отчет берди.

Айбек Жунушалиев коркунучтар минималдуу болгонуна карабастан, үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларынын жана Чоң Чүй каналынын айрым участоктору текшерилди. Бул жерлердеги көпүрөлөрдүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан жана жантайма жээктердин айынан суунун көлөмү көбөйсө, жакын жайгашкан аймактардын суу астында калуу коркунучу бар.

Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга каналдардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, топтолгон таштандыларды тазалоо жана жээктерди бекемдөө боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Коммуналдык кызматтарга дарыялардын агымын дарактардан жана бадалдардан тазалоо тапшырылды.

Ошондой эле мэр Орто-Алыш суу алгычына да барды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга коркунучтуу аймактарды көзөмөлдө кармоо жана жогорку даярдык режимин сактоо тапшырылды. Бүгүн түштөн кийин мэрдин буйругу менен Ала-Арча дарыясындагы авариялык көпүрө демонтаждалды.

Мындан тышкары, дарыялардын боюнда жайгашкан объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү, ошондой эле Ленин районунун администрациясына Ала-Арча дарыясынын боюндагы жер тилкелеринин инвентаризациясын жүргүзүү тапшырылды.

Көчмө жыйындын максаты - бардык коркунучтуу аймактарды жеринде текшерүү, жеке үйлөрдү жана башка объектилерди суу астында калуу коркунучун алдын алуу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 23-июлга чейин республикада аба ырайы туруксуз болуп, нөшөрлүү жамгыр жаашы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий