• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Мэр Сарыбашов: Антка бекем турууда ак халатчандар баарыбызга үлгү болууда

Аймак 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын бамса сөз кызматы кабарлайт.

Мэр Сарыбашовдун куттуктоо тексти:

“Урматтуу дарыгерлер!

Биз сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз!

Өлкөбүздөгү кыйын учурда элдин өмүрү, ден соолугу үчүн күнү-түнү тыным албай кызмат кылып жатасыздар. Антка бекем турууда, элге кызмат кылууда, жоопкерчиликте баарыбызга үлгү болуп жатасыздар. Бүгүнкү күндө шаарыбызда эпидемиологиялык абал оор. Азыр бардык жарандар сиздерди карап турат. Өз өмүрүңөргө коркунуч келсе да элдин саламаттыгы үчүн күрөшүп жатасыздар.

Бул кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. COVID-19 инфекциясы менен күрөшүп, ооруга кабылган ак халатчандарга жараткан ден соолук берип, кайрадан эл кызматында жүрүүгө насип кылсын.

Сиздердин мээнетиңиздер менен канчалаган адамдар оорудан айыгып, жакындарынын алдында. Бүгүнкү кырдаалда ак халатчандардын эмгегин ар бир адам сезип, ыраазычылык айтып отурат. Жалпы элге келген чоң сыноону жеңип кетүүгө сиздердин эмгегиңиздерге муктажбыз. Медицина тармагына мамлекет башчыбыз, өкмөт, шаардык мэрия, башка тармактар, патриот жарандарыбыз колдон келген жардамдарды кылып жатат. Анткени бул өз өмүрүбүз үчүн, элдин саламаттыгы үчүн маанилүү жана милдет. Бул оор күндөр артта калып, тарых сиздердин кызматыңыздарга өзгөчө баа берип, жалпы элдин сыйында болосуздар.

Урматтуу ак халатчандар!

Кудайым сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр берсин.

Ооруканада жаткан, ооруга кабылган мекендештерибиз сиздердин колуңуздардан айыгып чыгып, ар бир жараныбыздын жүзүндө жылмаюу пайда болсун.

Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, биримдик, ынтымак менен оор кырдаалдан чыгып кетели.

Сиздендин күнү-түнү жасап жаткан эмгегиңиздерге, жалпы элдин ден соолугу үчүн кылып жаткан кызматыңыздарга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем”.

Пикир

Оставить комментарий