Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы белгилерди даярдоо кызматын сатып алууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында айтылгандай, сатып алуунун жалпы наркы 385 миң сомду түзөт.
Сынакка билдирүүлөрдү 27-февралга чейин тапшырууга болот.
Биринчи айлампа - 14 даана "Ардактуу шаар тургуну" белгисин алуу - 140 миң сом.
Экинчи айлампа - 40 даана төш белгисин алуу (алтын, күмүш) - 245 миң сом.
Пикир
Оставить комментарий