• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Мэрия Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү оңдоо иштери качан аяктай тургандыгын айтты

Коом 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Бишкек мэриясы борбор калаанын негизги көчөлөрүндөгү оңдоо иштери качан аяктай тургандыгын айтты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Байтик Баатыр/Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектисинде жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.

Жол оңдоо иштери 20-августка чейин Ахунбаев көчөсүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин, ошондой эле Абдрахманов көчөсүн Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин бүтүрүүнү пландап жатат.

18-июлда Чүй проспектиси Манас проспектисинен Төрөкул Айтматовго чейинки бөлүгүн жарым-жартылай жабуу менен иш башталып, ишти 20-сентябрга чейин бүтүрүү пландалууда.

Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү иштерди аяктоо 10-15-октябрга чейин пландалып, мөөнөт проспектинин узундугун жана туурасын, ошондой эле аба ырайынын шарттарын эске алуу менен белгиленген.

Ошондой эле 16-июлда биринчи этап менен Юнусалиев көчөсү Сухэ Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин жабылды. Капиталдык оңдоо иштери Сухэ Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин пландалууда.

Ошондой эле Манас проспектисинен 7-Апрелб көчөсүнө чейин Горький көчөсүн бойлой капиталдык оңдоо иштери пландалууда.

Белгилей кетсек, иштин жүрүшүн такай көзөмөлдөө максатында жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө онлайн камералар орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий