• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Мэрия Бишкектин жаңы башкы планын иштеп чыгууга киришти

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы жакынкы 15-20 жылга карата борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгууга киришти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул маселе күн мурун мэрияда өткөн пландуу жыйында талкууланып, анын жыйынтыгында мэр Эмилбек Абдыкадыров долбоордун техникалык тапшырмаларын даярдоо боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырган.

Ошондой эле жыйында Бишкек шаарын жашылдандыруу, ирригациялык тармактарды жакшыртуу, ошондой эле көрктөндүрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий