• 85.8
  • 93.01
  • 0.89

Бишкек мэриясы: "Оберон" жана "Оберон-Форт" базарлары кадимки режимде ишин улантат

Коом 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бишкектеги "Оберон" жана "Оберон-Форт" базарлары кадимки режимде ишин улантат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, административдик соттун чечими менен жогоруда аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин карамагына өткөрүлдү. Эми алар “Муниципалдык токтотмолор жана базарлар” муниципалдык ишканасы менен келишим жаңыртылгандан кийин кадимки режимде иштеп, кийим-кече базары катары өз ишин улантат.

"Базардын кызматкерлерине базарлардын администрациясында жайгашкан мүлктөрдү инвентаризациялоого жана кызматкерлерге жеке буюмдарын алып кетүүгө убакыт берилди, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда базарлардагы соода объектилерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп, соодагерлер менен келишим түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий