• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мэрия: Ош шаарында окуучулардын тамак-ашына, билим сапатына да өзгөчө көңүл бурулат

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Күн мурун, 1-февралда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов билим берүү кызматкерлеринин 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйынга катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова өткөн жылы аткарылган иштердин негизги жыйынтыктары, быйылкы жылдын пландары боюнча маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө мектеп окуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу, билим берүү мекемелериндеги тамак-аштын сапаты, мектептер менен бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланды. Алмаз Мамбетов мектептердеги билим берүүнүн сапатына, мектеп жана бала бакчалардагы балдардын тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

"Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерине тиешелүү деңгээлде көңүл бурулушу керек. 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча ар бир мектеп 2ден кем эмес "Алтын тамга" аттестатынын ээлерин, гимназия мектептеринен 4 бүтүрүүчүнү даярдоо керек. Ал эми акыркы 5 жылда көрсөткүчтөрү төмөн болгон мектеп директорлору ээлеген кызматына ылайыктуубу же ылайыктуу эмеспи карап чыгуу керек", - деди А.Мамбетов.

Ага улай мэр мектептердин педагогикалык курамынын квалификациясын жогорулатууга колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

"Новосибирск жана Санкт-Петербург өңдүү шаарлардагы университеттер менен мугалимдерибиздин билим деңгээлин жана квалификациясын жогорулатуу максатында сүйлөшүүгө даярбыз. Мындан сырткары, мектеп окуучуларынын тамак-ашынын сапатын катуу көзөмөлгө алуу зарыл. Эгерде тендердин жеңүүчүлөрү сапатсыз продукция берсе, аларды “кара тизмеге” кошуу шарт. Балдардын тамактануусуна кайдыгер болбош керек", - деди мэр.

Учурда Ош шаарында 84 мектеп болсо, анын 55и мамлекеттик, 30у жеке менчик. Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде 3329 мугалим эмгектенсе, анын 2989у аялдар, 340ы эркек мугалимдер. Мугалимдердин квалификациясын пландуу жогорулатуу максатында, кайрылуулардын негизинде мугалимдер 72 сааттык квалификациясын жогорулатуу курстарына жиберилди. 2020-2021-окуу жылына 91 мектеп бүтүрүүчүсү "Алтын тамга" сынагына катышууга арыз берип, анын ичинен 35и "Алтын тамга" аттестатына ээ болгон. 2021-2022-окуу жылында республикалык олимпиаданын 1-баскычына 1719 окуучу катышып, анын ичинен 2-баскычка 409, 3-этапка 170, 4-баскычка 38 окуучу өткөн.

Ошондой эле Ош шаарында 46 мамлекеттик бала бакча катталып, аларда 13 миңге жакын бала тарбияланууда. 2021-жылдын аягына карата калаада 13 316 бала электрондук кезекке онлайн режиминде жазылган.

Пикир

Оставить комментарий