• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мэрия салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү боюнча сунуштарды кабыл алууда

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаанын райондук администрацияларынын жетекчилери жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен жыйын өткөрдү.

Жыйын президент Садыр Жапаровдун “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулуп, иш-чарада шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жобону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына дин өкүлдөрү, министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кирет.

Эске салсак, КР президенти Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыктын максаты - Кыргызстандын жарандарынын турмушунун социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдогу руханий атмосферага терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат.

Муниципалитет жарандардан үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды Ukaz54@meria.kg электрондук почтасы жана 0312610734 телефону боюнча кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий