• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Месси менен Роналду жолдоштук беттеш өткөрдү

Спорт 0

Бишкек, 20.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Франциялык “ПСЖ” клубу Сауд Аравиянын “Аль-Наср” менен “Аль-Хиляль” клубдарынын курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюн Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп, беттеш 5:4 эсебинде “ПСЖнын” жеңиши менен аяктады.

Криштиану Роналду аравиялык клубдун капитаны катары ойноп, эки гол киргизсе, Лионель Месси оюндун башында, 3-мүнөттө бир гол жаратты. Мындан сырткары, франциялык командадан Маркиньос, Серхио Рамос, Килиан Мбаппе жана Уго Экитике, ал эми аравиялык клубдан Жан Хен Су менен Андерсон Талиска өз командасына гол алып келди.

Роналду менен Месси акыркы жолу 2020-жылдын декабрында Чемпиондор лигасынын алкагында беттешкен. Анда Роналду “Ювентуста”, Месси “Барселона” клубунда ойноп келген. Беттеш 3:0 эсебинде Роналдунун пайдасына чечилген.

Эскерте кетсек, Криштиану Роналду учурда аравиялык “Аль-Наср” клубунда ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий