• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мясникович: Форумдун алкагында кызматташуу жана келишимдердин 17 программасын түзүү пландалууда

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Евразиялык экономикалык форумдун алкагында кызматташуу жана келишимдердин 17 программасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу аталган форумдун ачылышында Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.

“Алсак, “Евразиялык агроэкспресс” программасы боюнча бүгүнкү келишимге кол коюлгандан кийин Кыргызстандан Россияга жакынкы күндөрү продукциянын алгачкы тонналары жеткирилет”, - дейт ал.

Мясникович ошондой эле кыргыз тарапты аталган форумду уюштуруп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип кетти.

Белгилей кетсек, экономикалык форум Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында быйыл төрагалыгынын алкагында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алдында өтүүдө.

Экономикалык форумга катышуу үчүн интеграциялык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү болгон 2500дөн ашык адам катталды.

Форумда Евразия экономикалык кеңешинин алкагында транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштарга багытталган күндүн темалары, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий