• 86.79
  • 90.83
  • 0.84

Мигранттарды колдоо. Эки тараптуу мамилелер

Аналитика 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияда миграциялык мыйзамдарды бузган Кыргызстандын 71 миң 949 жараны бар экенин билдирип, Орусиянын аймагында эмгектенген мекендештерге кайрылуу жасады.

Миграциялык мыйзам бузгандар, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында эмгек же жарандык-укуктук келишими жок, манжа издери катталбаган жана медициналык текшерүүдөн өтпөгөн, миграциялык каттоосу жок адамдар кирет.

Эгерде аларда Россиянын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн тастыктаган документтер болсо, Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, маалымат базасына киргизүү керек.

Жакынкы арада кыргызстандыктар өздөрүн тизмеден өз алдынча текшерип, тиешелүү порталдан Орусиядагы укуктук абалын жөнгө салуу боюнча алдын ала чараларды көрө алышат.

Буга кошумча, Эмгек министрлиги Кыргызстандын жарандарына Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарындагы маанилүү өзгөртүүлөр тууралуу дагы эскертүү жасады.

2025-жылдын 1-январынан тартып Россия Федерациясынын Федералдык Мыйзамы күчүнө кирет, ал чет өлкөлүк жарандардын убактылуу жашоого уруксаты, жашоого уруксаты жок же эмгек жарандык-укуктук келишими жок календардык бир жыл ичинде 90 күнгө чейин болушун чектейт. Бул чектөө үч ай сайын мезгил-мезгили менен чыгуу жана кирүү практикасын колдонгон жарандарга тиешелүү болот.

Кошумчалай кетсек, 2025-жылдын 5-февралынан тартып Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандар үчүн “депортация режими” иштей баштайт. Тартип бузгандар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилет жана аларга тиешелүү чектөөлөр киргизилет. Россия Федерациясынын мыйзамдарын аткарбоо депортацияга жана атайын мекемелерге жайгаштырууга алып келет.

Албетте, Орусия тарабынан чет элдик жарандарга карата миграциялык режимди катаалдаштыруунун алкагында киргизилген чектөөлөр Кыргызстандын жарандарына дагы кедергисин тийгизет. Бирок Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгондугуна байланыштуу кыргыз жарандарга тиешелүү болбошу керек,”- дейт Кыргызстандын Тышкы Иштер министри Жээнбек Кулубаев РИА Новостиге берген маегинде.

Ал белгилегендей, кыргызстандыктардын Орусияда жүрүүсүнө байланыштуу маселелер эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү аспектилеринин бири болуп саналат. Россиянын аймагында эмгектенген жана жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны көп. Алардын жүрүү шарттары, ошондой эле көйгөйлүү маселелерди чечүүдө россиялык тарап менен туруктуу негизде талкууланып келет.

«Көйгөйлүү маселелерди талкулоо боюнча акыркы жолугушуу 2024-жылдын 24-октябрында Москва шаарында кыргыз-орус ведомстволор аралык жумушчу топтун 17-жыйынынын алкагында өттү. Анда Кыргызстандын жарандарынын Россия Федерациясында жүрүүсүнө байланышкан бардык көйгөйлүү маселелер талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул жолугушууда кыргыз делегациясын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова жетектеген», - деди Тышкы иштер министрлигинин башчысы.

Кулубаевдин айтымында, Кыргызстандын жарандарынын Орусияга кирүү жана жүрүү эрежелери өзгөргөн жок жана биздин жарандарды Орусияга киргизүүдө орус тараптан кошумча талаптар жок. Бирок Крокус Сити Холлдогу окуялардан кийин Орусиянын мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарында, анын ичинде Москванын аэропортторунда коопсуздукту жана антитеррордук коргоону камсыздоого багытталган күчөтүлгөн көзөмөл чаралары улантылууда.

Ошол кандуу окуянын кесепетинен, акыркы айларда Кыргызстандын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагына киргизбей койгон учурлары көбөйдү, - деп белгилейт Кулубаев.

«Жалпысынан биз Орусия тарабынан чет өлкөлүк жарандарга карата миграциялык режимди катаалдаштыруунун алкагында киргизилген чектөөлөр, атап айтканда, анын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө байланыштуу кыргыз жарандарга тиешелүү болбошу керек. Себеби, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө болгондугуна байланыштуу, экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн тиешелүү артыкчылыктар берилген», — деди Тышкы иштер министрлигинин башчысы.

Россиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов миграциялык саясаттын өзгөрүшүнө токтолуп, эмгек миграциясын көзөмөлдөө маселеси эки өлкө үчүн татаал жана маанилүү деп айтты журналистер менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, Орусияга иштегени барган мигранттар Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошууда.

«Эмгек миграция маселеси өтө курч жана ошол эле учурда абдан маанилүү. Биринчиден, албетте Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, эмгек мигранттар Кыргызстанга жылына 2,5 миллиард доллардан ашык акча которушат. Албетте, бул үй-бүлөлөрдү колдоо жана социалдык маселелерди чечүү», — дейт Сергей Вакунов.

Ал кошумчалагандай, азыр эмгек миграциясы маселеси курчуду, анткени Орусияда бул жааттагы мыйзамдар өзгөрүүдө. Бирок, анын айтымында, бардык өзгөртүүлөр мыйзамсыз мигранттарга жана мыйзам бузгандарга гана тиешелүү.

“Биринчиден, учурда Россия Федерациясында миграциялык укук жаатында ишке ашырылып жаткан инновациялар биринчи кезекте мыйзамсыз миграцияны жоюуга тиешелүү. Белгилүү бир улутка карата миграциялык мыйзамдардын айрым жоболорун колдонууда кандайдыр бир этникалык артыкчылык бар деген суроолор туура эмес. Биринчиден, маселе мыйзамсыз миграцияга тиешелүү. Ал эми Россиянын жарандарына карата мыйзамсыз миграцияны уюштуруу үчүн жоопкерчиликтин оордугу Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттарынан кем эмес, кээде андан да чоң экенин айтып коёюн», - деди элчи.

Элчи Кыргызстандын жарандары үчүн ЕАЭБ кирген өлкө катары артыкчылыктар чоң экенин эске салды. Аларга Россиянын аймагында иштөө үчүн патент алуунун кереги жок, өлкөгө кирүүгө уруксат алуу талап кылынбайт. Өлкө аймагында эркин жүрө алышат.

Сергей Вакунов ошондой эле эмгек мигранттарын Орусияга киргенде сүрөткө тартып, манжа изин да алууну пландап жатышканын айтты. Учурда система эксперимент катары иштелип жатат. Ал мигранттардын агымындагы “Россия Федерациясы үчүн каалабаган коноктордун” тизмесине кирген адамдарды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Эксперимент биринчи кезекте Москвадагы, Шереметьеводогу жана орус-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарына тиешелүү. Ал кирген адамдарды сүрөткө тартып, манжа изин алуудан турат. Ошондон кийин эмгек мигранттары Россияга толук коопсуз кире алышат.

13-ноябрда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин мигранттарга тиешелүү токтомго кол койду. Бул токтомго ылайык, 1-декабрдан тарта чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар Орусияга чек арадан өтүүдө биометрикалык маалымат тапшырышат. Эксперимент эки этапта өтөт - 2024-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 30-июнуна чейин жана 2025-жылдын 30-июнунан 2026-жылдын 30-июнуна чейин.

Экинчи этапта Орусияга кирүү үчүн чет элдиктер биометрикалык маалыматтарды атайын тиркеме аркылуу тапшырып, Россия Федерациясына баруу максаты тууралуу маалыматты кошо бере алышат.

Калк арасында Орусия эмне үчүн миграция режимин катталдаштырып жатышат деген суроо бар. Ага Крокус Сити Холлдогу окуя түркү болду деген божомолдор бар. Албетте, бул окуя дагы миграция саясатынын өзгөрүшүндө өзүнүн ролун ойноду. Россия чоң өлкө. Кыргызстандыктардан сыткары бул жерге Тажикистан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген мигранттар эмгектенишет. Россиянын Кыргызстандагы элчиси айткандай, Орусиянын өзүндөгү миграцияны көзөмөлдөгөн кызматтарга да, эгерде алар мыйзам бузса эми каттуу чаралар көрүлөт.

Бул Орусиянын миграцияны көзөмөлдөгөн органдар тарабынан мыйзам бузуулар болгондугун агийнелейт. Коррупциялашкан миграция органдарына мигранттар көптөгөн “киреше” алып келген. Албетте, мунун баары жалпы миграциялык системага кедергиси тийип, Орусия бул тармакта күчөтүү иштерди жасаганга мажбур болду.

Бир күн мурун Орусиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз миграцияны уюштуруу үчүн 5 миллион рублдан 60 миллион рублга чейин айып пул салууну караган мыйзамга кол койгон. Мындан бир аз мурдараак Орусияда мыйзамсыз миграциялык каналдарды уюштурууга катышкандарды, акчасын жана мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратуу мыйзамы кабыл алынган.

Миграция темасы эч качан жөнөкөй болгон эмес, азыр Орусия менен болгон Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда мамилелерди атайылап курчутуп жатат. Интернеттеги айрым басылмалардын маалыматына караганда, улуттар ортосунда жаңжал салуу аракетине күбө болуудабыз. Орусияда эмигранттарга каршы маанай күчөп, чек аранын берки өйүзүндөгүлөр кысымдар тууралуу видеотасмаларды таратууда.

Акыры мындай кырдаал Москвадагы мектептердин эмгек мигранттарынын балдарын кабыл алуудан баш тартуусу жана мигранттардын үй-бүлөлөрүн Орусияга алып кирүүгө тыюу салуу демилгеси келип чыкты. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тынчсыздануусун билдирди. Ал ошондой эле чет өлкөлүктөргө Россияда акы төлөнүүчү негизде гана мектепке чейинки жана мектепте билим алуу укугун берүү сунушун жаңылыш деп эсептейт, анткени мектеп мигранттардын адаптациясында, балдардын да, алардын ата-энелеринин да коомго аралашуусуна көмөктөшүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Парламентарий терроризмдин улуту жок экенин, андыктан эмгек миграциясынын коопсуздугун жана мыйзамдуулугун камсыздоочу механизмдерди түзүү үчүн күчтөрдү бириктирүү керектигин баса белгиледи. Ал коомдогу антимигранттык маанайды азайтуу, элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Орусия мигранттардан баш тартпайт, тескерисинче аларга муктаж экенин жакында Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Мигранттар – бул муктаждык. Чындыгында бизде демографиялык кырдаал абдан курч. Биз дүйнөдөгү эң чоң мамлекетте жашайбыз, бирок биз азбыз», - деди ал.

«Биз динамикалуу өнүгүп, бардык өнүгүү пландарын ишке ашырышыбыз үчүн, албетте, жумушчулар керек. Биз аларды жылуу кабыл алабыз”,-деп баса белгиледи Песков.

Ошол эле учурда РФ президентинин басма сөз катчысы “мигранттар көйгөй эмес, көйгөй -мыйзамсыз мигранттар” деп баса белгиледи. Песков орус бийлиги мыйзамсыз миграцияга каршы активдүү күрөшүүнү көздөп жатканын ачык айтты.

«Мыйзам бузулган чөйрөдө диний экстремизм болобу, баңгичилик болобу жана башка бардык түрдөгү кылмыштуулук үчүн өбөлгөлөр пайда болот», - деди Песков, мыйзамсыз миграция кандай көйгөйлөргө алып келээрин тизмектеп.

Кандай гана мыйзам болбосун, аны сактап, мыйзамдын жолунда жүру ар дайым женилдик алып келет. Кыргыз жарандары Орусиянын миграция мыйзамын сактаса, аларда эч качан көйгөй жаралбайт.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий