• 87
  • 90.59
  • 0.87

"Санарип көчмөн" жана "Кайрылман статусу" долбоорлоруна өзгөртүүлөр киргизилди

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстандын "Санарип көчмөн" жана "Кайрылман статусу" долбоорлоруна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты документтештирүү башкармалыгынын башчысы Анара Тиленова билдирди.

Анын айтымында, "Санарип көчмөн" статусу буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына эле берилип келсе, эми башка мамлекеттердин жарандарына дагы бериле баштады.

"Санарип көчмөн" аталышындагы убактылуу жобо чыккан. Ал өлкөдө IT-адистер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, Кыргызстандын инновациялык долбоорлорун жана экономикасын жогорулатууга багытталган. "Санарип көчмөн" статусун берүү үчүн паспорт, эмгек келишими талап кылынат. Статус берилгенден кийин жеке персоналдык номер берилет, каттоого турбайт. Ошондой эле бул статусту алуу үчүн документтер аралыктан тапшырылат. Аны ала турган өлкөлөрдүн санын арбытуу мерчемделип, Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан тийиштүү документ иштелип чыгып, мекемелер аралык макулдашылды. Аталган статус буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына эле берилип келсе, эми башка мамлекеттердин жарандарына дагы бериле баштады", - деди ал.

Ошондой эле Калкты каттоо департаментинин бөлүм башчысы Салима Туякова кошумчалагандай, "Кайрылман статусу" долбооруна дагы өзгөртүүлөр киргизилген.

"Кайрылман статусу" - Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейинки убактылуу укуктук статус. Бул статусту алуу учун эмне кылыш керек? Миграция кызматына өтүнүч жазып жана паспорт же аны алмаштыруучу документ, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашаган жеринен маалымкат, нике тууралуу күбөлүк документтерин тапшырыш керек. Өтүнүч жана тийиштүү документтер каралгандан кийин чечим 2 айдын ичинде чыгарылат. Учурда өтүнүчтөрдү берүү үчүн онлайн сервистер иштелип чыкты. Эми арыздарды онлайн берүүгө болот. Онлайн арызды "Түндүк" тиркемеси аркылуу берүүгө болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий