Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Миграция кызматы боюнча маселе талкууланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрлик кызматка талапкер Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, эгерде Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү бекитип берсе, анда жакын арада чечүү жолу сунушталат.
“Учурда миграция маселеси приоритетте экендигин түшүнүп турам - деди ал.
Ошондой эле Марипов кошумчалагандай, мигранттарды кайтаруу маселеси өкмөттүн программасына киргизилет.
Пикир
Оставить комментарий