Евразия экономикалык биримдиги өзүн экономикалык “тартылуу борбору” катары көрсөтүп, заманбап дүйнөлүк экономикада өзүнүн татыктуу ордун таба алды. Бул тууралуу Армениянын Ереван шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, Евразиялык интеграцияны тереңдетүү биздин өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келет.
“Биздин ийгилигибиз үчүнчү мамлекеттердин Биримдикке болгон кызыгуусунун артышы менен да далил болот. Биз байкоочу мамлекеттердин санын кеңейтүү жана соода келишимдерин түзүүгө карата оң тенденцияны көрүп жатабыз, бул биздин интеграциялык моделибиздин жагымдуулугун жана маанилүүлүгүн тастыктайт. Жыл сайын биз экономикабызды интеграциялоону тереңдетип жатабыз жана Биримдиктин экономикалык коопсуздугунун, анын ичинде азык-түлүк, энергетикалык жана транспорттук коопсуздуктун күчтүү “пайдубалын” түзүүгө жетиштик”, - деди Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, быйыл ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жылдын жүзү болуп, биримдиктин алкагында экономикалык кызматташтыктагы прогрессивдүү өнүгүүлөр кеңири.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде белгилегендей, чындыгында ЕАЭБ жакшы өнүгүү темпин көрсөтүүдө, анткени дүйнөдө саясий багытта гана эмес, логистикалык жолдорду бөлүүдө, товардык агымдарды кайра бөлүштүрүүдө да олуттуу өзгөрүүлөр болууда.
“Бир катар өлкөлөрдө кризистик абал байкалып жатса да, Евразия биримдиги бул кыйынчылыктарды жеңүүгө даяр болууда. 2023-жылдын жыйынтыктарын карап көрсөк, дүйнөдө жаңжал, чыр-чатактар курчуп, санкциялык басымдар жүрүп жатканына карабастан, ЕАЭБдеги экономикалык көрсөткүч 3,7 пайызды түздү. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биримдиктин катышуучуларынын ИДПсы 2 триллион 400 миллиард доллардан ашты. ЕАЭБ ичиндеги сооданын көлөмү 90 миллиард долларга жетип, ал эми үчүнчү өлкөлөр менен товар алмашуу бир триллион долларга жакындап баратат. ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө өнүгүүнүн оң динамикасы байкалууда. Биздин өлкөнүн экономикасы өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 6,2 пайызга өстү”,- дейт Төлөнбек Абдыров.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маанилүү маселе көтөрүп, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер миграциялык мыйзамдарды кабыл алууда уюмдун нормаларын эске алышы керектигин билдирди.
“Мыйзам чыгаруу демилгелери ЕАЭБ жөнүндө келишимдин нормаларына карама-каршы келбеши керек, башкача айтканда, биздин иштеп жаткан жарандарыбызга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү болбошу керек. Мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленген документтерде да, коомдук мейкиндикте да ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана ага мүчө болбогон өлкөлөрдүн жарандарынын укуктарын так бөлүп көрсөтүү зарыл. Мен Комиссияны биздин өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте мындай маселелерде өз ара алгылыктуу жана оптималдуу чечимдерди табууга чакырам”,- деди Жапаров. Белгилей кетсек, 30-сентябрда "Свобода" радиосу Россияда мыйзамсыз миграцияны жөнгө салууга, мигранттардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган кезектеги мыйзам долбоорлору даярдалып жатканын маалымдаган.
Экономика илимдеринин кандидаты Айсулуу Эралиева билдиргендей, миграциялык саясат Кыргызстанда эле эмес, көптөгөн өлкөлөрдө маанилүү орунда турат.
“Бүгүнкү күндө көптөгөн тармактар мигранттардын эсебинен өнүгүүдө жана өлкөнүн ИДПсынын өсүшүнө да мигранттар чоң салым кошууда. Экономикалык багыттан алып карасак, мисалы нефть түтүктөрүн куруу, нефть жана газды кайра иштетүүчү заводдорду, инфраструктура объектилерин курууда, коммуникация, айыл чарба тармагында мигранттар жумушчу күч катары чоң ролду аткарат. Мисалы, Россияда биздин жарандар көбүнчө курулуш, оңдоо иштери, кызмат көрсөтүү, өндүрүш, соода жана тейлөө тармагында эмгектенишет. 2024-жылдын июль айына карата статистикалык маалымат боюнча эмгек мигранттары өлкөнүн экономикасына 1 миллиард 2 миллион доллар каражат жөнөткөн. Бул Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө болмокчу. Ал эми Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында айтылгандай, миграцияны жөнгө салууга багытталган улуттук мыйзам актыларын иштеп чыгуу боюнча айтсак, бул маселе негизинен саясий жана коопсуздук багытынан каралган. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга, анын ичинде акыркы жылдары Россиядагы мыйзамсыз миграция ар кандай укук бузууларга алып келүүдө. Бирок, Россияда эле эмес, көптөгөн өлкөлөрдө мигранттар мыйзам бузуп, ошол өлкөгө коркунуч жараткан терс көрүнүштөр орун алууда. Биздин жарандар дагы Россияда иштеп жаткандыктан, бул суроо биз үчүн да маанилүү. Ошондуктан улуттук мыйзамдар ЕАЭБдин келишимдеринин эрежелерине карама-каршы келбеши керек”, - дейт Айсулуу Эралиева.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында сөз болгон дагы бир маселе биздин ички рыноктун иштешинде кээде азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизген жагдайлар пайда болуп жатканы тууралуу маалымат берилди. Мисалы, учурда товарлардын айрым түрлөрүнө, анын ичинде социалдык мааниге ээ болгондорго карата темир жол транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөө жаатында маселе ачык бойдон калууда.
Төлөнбек Абдыровдун айтымында, ЕАЭБдин алкагында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди, зарылчылык болсо чечүүгө болот.
“Ун, кант же өсүмдүк майы, Биримдиктин кайсы өлкөсүнөн болбосун өнөктөштөрдөн квота жана белгиленген баада керектүү көлөмдө ала алат. Өз ара эсептешүүлөрдүн 89 пайызы, анын ичинде күйүүчү-майлоочу май үчүн төлөмдөр Биримдиктин ичинде улуттук валютада жүргүзүлөт. Мындай өз ара колдоо ЕАЭБ алкагында экономикада жана социалдык чөйрөдө туруктуулукту ишенимдүү сактоого мүмкүндүк берет”, - дейт Абдыров.
Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы транспорт комплексин макулдашып өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү зарылдыгын, эл аралык транспорттук коридорлорду, колдоочу транспорттук хабдарды жана логистикалык борборлорду түзүүнү өнүктүрүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарылдыгын белгиледи. Бул багытта Кытай -Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу, дал ушундай инфраструктуралык биз үчүн абдан маанилүү долбоор. Ал келечекте бардык өнөктөш өлкөлөргө пайда алып келмекчи.
Ошентип, Армения, Беларусь, Россия, Кыргызстан жана Казакстан өлкөлөрү кирген Евразия экономикалык биримдиги 10 жыл аралыгында дүйнө өлкөлөрүнө, өнөктөштөрүнө туруктуулуктун, өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсүн көрсөттү. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ар дайым биргелешип кыйынчылыктарды жеңүүгө, татаал экономикалык маселелерди чечүүгө даяр. Евразия экономикалык биримдик өзүнүн туруктуулугун далилдеп, дүйнөдө эң ири аймактык биримдик катары өзүнүн татыктуу ордун таба алды.
Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий