• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

МИК: 2024-жылы Бишкек жана Жалал-Абадда 3 миңдей батирдин курулушу аяктайт

Экономика 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. 2024-жылдын III жана IV кварталына карата Бишкек жана Жалал-Абадда мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары үчүн курулуп жаткан 3 миңге жакын батирди бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын стратегиялык өнүктүрүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов билдирди.

Ал белгилелегендей, батир баалары базар баасынан төмөн болот.

“Бүгүнкү күндө Бишкекте 7 миң батир, Жалал-Абадда 650 батир курулуп жатат. Келерки жылы Мамлекеттик ипотекалык компания ар бир аймакта курулуш иштерин баштайт. Аймактарда жалпысынан 2 миң батир курулат”, - деп кошумчалады Оморов.

Пикир

Оставить комментарий