• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Михаил Мишустин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

«Достук, өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген боордош орус-кыргыз мамилелерин чыңдоого Сиздин дайыма көңүл буруп жатканыңызды белгилегим келет.

Соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатат. Энергетика, өнөр жай, жогорку технологиялар жана башка тармактарда келечектүү долбоорлор ишке ашырылууда», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Россиянын Өкмөтүнүн төрагасы президент Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт жана анын жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө жаңы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий