Калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул жаатта Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздап келет. Бул үчүн аталган фонд кандай реформаларды ишке ашырды, бул жылы кандай ийгиликтерге жетти жана эмнеден аксады, алдыңкы жылга пландары тууралуу ММК фондунун төрагасы Азамат Муканов “Кабар” агенттигине маек курду.
– Саламатсызбы, 2024-жыл аяктап, жыл жыйынтыгы чыгарыла баштады. Бул жылды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кандай ийгиликтер жана жетишкендиктер менен жыйынтыктап жатат?
– Саламатчылык, биз дагы быйылкы жылды буюрса жакшы жетишкендиктер менен жыйынтыктап жатабыз. Эң биринчиден саламаттык сактоо системасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандардын медициналык профилактикалык кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн, сапаттуулугун көзөмөлдөөчү орган болуп саналабыз. Ушуну менен бирге бизге камсыздандыруу функциясы да берилген. Биз былтыртан бери республиканын бардык аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте эл менен жолугушууларды өткөрүп келебиз. Муну быйыл дагы уланттык. Чаткал, Тогуз-Торо, Ноокат сыяктуу алыскы аймактарды кыдырдык. Биз ал жактагы активисттер, аялдар кеңеши, айылдык ден соолук комитеттерин чогултуп, аларга окутууларды өткөрдүк. Азыркы тапта биз 300дөн ашык айылга саламаттык сактоо системасы, кепилдиктер программасы, камсыздандыруу боюнча маалыматтарды бердик десем жаңылбайм. Бүгүнкү күндө бул иш-чаранын негизинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алгандар 150 миңден ашты. Анын жалпы суммасы 426 млн сом болду. Түшүнүктүү болуу үчүн салыштырып айтайын. 2023-жылы 66 миңдин тегерегинде полис камсыздандырылып, андан 160 млн сом гана түшкөн. Ал эми 2022-жылы 7 миңден ашык полис камсыздандырылып, болгону 16 млн 600 миң сом гана түшкөн. Бул биздин тынымсыз жүргүзүлүп жаткан иштерибиздин жыйынтыгы десем болот.
– Жетишкендиктер менен кошо кандай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга туш болдуңуздар? Ошолорду атап өтсөңүз?
– Албетте, биз 20 жылдан ашык убакыттан бери реформа кылып келе жатабыз. Реформаны ишке ашыруу көйгөйлөр менен коштолот. Аны бир күндө, бир жылда, керек болсо беш жылда дагы ишке ашырыш кыйын болот. Алдын ала айтып кетейин, быйыл 7-мартта саламаттык сактоо тармагын каржылоо боюнча президент Садыр Жапаровдун жарылыгы чыккан. Ошол реформанын негизинде дагы бизде көп өзгөрүүлөр болду. Биздеги негизги көйгөй десек болот. Ачыгын айтканда каражаттын жетишсиздиги. Эми каражатыбыз биринчи муктаждыкты жапканга жетет. Дары-дармегин сатып бергенге мисалы. Бирок өнүгүүгө тиешелүү каражат жетиштүү эмес. Ошол эле учурда камсыздандыруу жаатында жарандарыбыздын маалыматы бар болгону менен маданиятынын төмөндүгү да болуп жатат.
– Негизи бул фонд жарандар үчүн милдеттүү медициналык камсыздоо багытында кандай жаңы кадамдарды жасап жатат?
– ММК фондунун негизги артыкчылыктарын айтып берейин. Камсыздандыруу полисин алган жарандардын өтө көп артчыкчылыктары бар. Эң биринчиден амбулатордук деңгээлде 12 базалык, 40тан ашуун лабораториялык жана химиялык изилдөөлөр акысыз жасалат. Мисалы, камсыздандырылбаган жаран жеке лабораторияга барса бир эле кандын анализи 200-300 сомдун тегереги болуп жатпайбы. Ал эми бизде камсыздандырылган жаранга бул акысыз. Мындан тышкары, жеңилдетилген кошумча пакетибиз бар. Бул аркылуу жарандарыбыз дары-дармектерди жеңилдетилген шартта ала алышат. Бул багытта да биз жакшы өзгөртүүлөрдү жасадык. Буга чейин рецепт жазылчу кагаз түрүндө. Эми биз электрондук рецептке өттүк. Бул дегендик камсыздандырылган жаран ооруп калса үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук негизде рецепт жазып берет, анда 400дөн ашуун дарынын түрү бар.
– Чет өлкөлүк студенттердин да ден соолугун камсыздандыруу абдан маанилүү. Бул багытта кандай иштер жасалды жана эл аралык студенттерди камсыздандыруу кандай тартип менен жүрөт?
– Кыргызстанда убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, окуп жаткан студенттер баары өзгөртүлгөн жаңы мыйзамга ылайык милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруудан өтүшү керек. Бүгүнкү күндө 50дөн ашык ЖОЖдор бар. Биз алар менен келишимдерди түзгөнбүз. Ушул жерден баса белгилип айта кетчү нерсе бул билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаеванын кызматташуусу менен чоң жылыштар бар. Бугүнкү күндө 21 миң чет өлкөлүк студентке камсыздандыруу полисин камтыдык. Бизге министрлер кабинети тарабынан план коюлган. Болушунча максималдуу түрдө чет өлкөлүк студенттерди камсыздандыруу системасына камтуубуз керек. Эгер чет өлкөлүк жарандар камсыздандырылса мамлекеттик кепилдик программасында көргөзүлгөн бардык кызматтарды ушул Кыргызстандын жарандарындай эле тең укукта колдоно алышат.
– Эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга карата конкреттүү пландары менен бөлүшө кетсеңиз?
– Кийинки жылга биз жакшы пландар менен кирип бара жатабыз. Бизде саламаттык сактоо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Ошол мыйзамдын негизинде биз укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыктык. Бул ошол жаңы каржылоо жана баалоо карталарынын системасын айтсак болот. Бизде баалоо картасы бар. Анда 3 миңден ашык анкеталык суроолор жүргүзүлгөн. 20 миңден ашуун амбулатордук карталар текшерилген. Аны жөн эле текшерип койбостон, иштеген ишине жараша пайызын чыгарып дем берүүчү каражат кошуп беребиз. Быйылкы жылы 220 млн сомду баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарына бердик. Келерки жылы бир топ өзгөрүүлөр менен иштөө планда турат.
– Убакыт бөлүп маек бергениңизге ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
– Сиздерге да рахмат
Маектешкен Жазгүл Мадинова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий