Милиция: Ананьеводогу көрүстөндө 91 эстелик талкаланган, иликтөө иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө 91 эстелик талкаланган. Бул факт факт боюнча тергөө тобун түзүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө, деп билдирди облустук милициядан.

Көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы 11-январда белгилүү болгон. 90 ашык эстелик талкаланып, кресттер сындырылган.

Кылмыштын күнөөкөрлөрү аныктала элек. Азыр калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эстеликтерди талкалагандарды эртерээк таап, жазалоону ишемби күнү жергиликтүү бийликке тапшырган.

Ананьево Ысык-Көл облусунун көп улуттуу ири айыл өкмөттөрүнүн бири.

Пикир

Оставить комментарий