• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Милиция Дордой базарындагы митингдин катышуучусун кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. “Дордой” базарында Кыргызстанда жаңы салык режимин киргизүүгө каршы митингдин бир катышуучусу кармалды.

“Кабар” агенттигине Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, социалдык тармактарда видео тараган, анда "Дордой" базарынын аймагында белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузуп, эркек кишинин денесине залал келтиргендигин көрүүгө болот.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы КР Кылмыш кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгү (Бейбаштык) менен кылмыш ишин козгоду.

Учурда бир жаран кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

“Бишкек ШИИББи жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузгандыгы үчүн, башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн тиешелүү адамдар КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий