• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Милиция Интернетте түз эфирде тапанчасын көрсөтүп, туура эмес сөздөрдү сүйлөгөн адамды кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Милиция Интернетте түз эфирде тапанчасын көрсөтүп, туура эмес өздөрдү сүйлөгөн адамды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 3-декабрында "Инстаграм" социалдык түйүнү аркылуу белгисиз жаран белгисиз үлгүдөгү тапанча менен түз эфирге чыгып, туура эмес сөздөрдү сүйлөп жаткандыгы тууралуу видео тараган. Бул маалымат чыгары менен кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада мыйзамсыз курал алып жүргөн 1995-жылы туулган О.Н. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Тактоо учурунда бул жаран ушул жылдын 1-декабрында болжол менен саат 23:50 чамасында Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүндө тартылганы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 253-берененин ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий