• 87
  • 90.63
  • 0.79

Милиция кышкы каникулда тартип жана коопсуздукту камсыздоону күчөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.01.25. /Кабар/. Кышкы каникул учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, майрам күндөрү массалык иш-чаралар, туристтердин агымы көбөйөт. Ошондой эле тоо-лыжа базаларында, сейил бактарда жана башка коомдук жайларда эс алуучулардын саны жогорулайт.

Мындан улам министрлик жарандарды мыйзамды сактоого жана шектүү жагдайлар жаралса, 102 кыска номерине дароо билдирүүгө чакырат.

Милиция күнү-түнү кызматта болуп, ар бир жарандын жана коноктордун кышкы эс алууларын коопсуз жана тынч шартта өткөрүүсү үчүн бардык зарыл чараларды көрөт.

Пикир

Оставить комментарий