• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Милиция кызматкерлери Англия жана Таиланддан келген туристтерге жардам беришкен

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Англия жана Таиланддан келген туристтерге жардам көрсөтүштү.

ЖКККББдан билдиришкендей, Таиланд жана Англиядан келген туристтер Кыргызстандын тоолуу аймактарын кыдырып жүрүп, Ош - Бишкек унаа жолунун 451-чакырымында авто унаасы бузулуп, бир нече күн бою унаасын оңдой албай туруп калышкан.

Аларды ЖКККББнын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери көрүшүп, бузулуп калган авто унаасын Таш-Көмүр шаарына чейин кошумча техника менен сүйрөп келип беришкен. Ал эми туристтерге тамак-аш, суусундуктарды алып беришкен.

Өз кезегинде туристтер милиция кызматкерлерине рахмат айтып, ыраазычылык билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий