Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Милиция кызматкерлери жол эрежелерин сактоо боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери кадимки тартипте окуп жаткан окуучулар менен жолугуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
"Бүгүн кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарындагы №43 толук эмес орто мектепке, №70 жана №1 гимназия-интернатына барып, окуучуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жургүзүштү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, калаадагы 101 мектепке бирден кайгуул кызматкери бекитилип, окуучулар мектепке келип кеткен учурда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.
Пикир
Оставить комментарий