Милиция кызматкерлери жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтөт

Коом 0

Бишкек, 22.1.17. /Кабар/. Патрулдук милиция кызматкерлери жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтө баштайт,-деп кабарлайт Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому.

Маалыматка ылайык, уюмдун адистери Талас облусунун патрулдук милиция кызматкерлерин окутуп жатышат.

Кырсык болгон жерге биринчилерден болуп барган милиция кызматкерлери жабыркагандарга кантип дарыгерге чейинки керектүү жардамдарды көрсөтүү эрежелерин үйрөнүштү.

Маалыматка ылайык, окуудан 400гө жакын патрулдук милиция кызматкери өтөт.

Баткен облусунда да ушундай тренинг болуп, кийин республиканын башка аймактарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий