Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жоголгон адамды таап беришти

Коом 0

Бишкек, 08.02.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан адамды таап беришти. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-февралда болжол менен саат 08:40та Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну 1969-жылы туулган С.Г. аттуу аял Ленин РИИБинин экинчи шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү болжол менен саат 05:00 чамасында 1940-жылы туулган С.Н аттуу атасы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирген.

Жазылган арыздын негизинде жоголгон адам, Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү түнкү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунун Кырк чоро көчөсүнөн табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий