• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

КР ИИМ башчысы баштаган делегация Кытайда өтүп жаткан глобалдык форумга катышууда

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган КР делегациясы 21-сентябрга чейин Кытайдын Ляньюньган шаарында өтүп жаткан коомдук коопсуздук боюнча кызматташтыктын Глобалдык форумунун (GPSCFL) конференциясына катышты.

Ведомстводон билдиргендей, ИИМ делегациясынын курамында Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов жана Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахманов бар.

Форумга ар кайсы өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын көрүнүктүү өкүлдөрү жана эксперттери чогулду. Форумдун максаты – алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу.

Кыргызстандын делегациясы мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууга багытталган биргелешкен демилгелерди талкуулоого активдүү катышты. Алар эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришип, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө билим, алдыңкы усулдар менен алмашуу жана укук тартиби жаатында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Талкуунун негизги аспектилеринин бири укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун жаңы технологияларын жана ыкмаларын киргизүү болду.

GPSCFL - 2015-жылы Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги тарабынан ишке киргизилген бейөкмөт жана коммерциялык эмес эл аралык уюм, кызматташуу платформасы. GPSCFL жалпы өнүгүү үчүн жалпы коопсуздуктун негизги концепциясын жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий